2018-жылдын аягына чейин 25 айылды камтыган 19 объектин ичүүчү суу курулмалары ондоп түзөөдөн өткөрүлүп жана курулуп бүттү жана алар пайдаланууга берилди. Алардын ичинен Баткен облусу боюнча Мин-Өрүк, Кара-Токой, Согмент, Самаркандек, Паскы-Арык, Арка-2, Борбордук айылдары, Ош облусунан Жаны-Арык, Кашка-Суу, Жар-Башы, Чечебай жана Мырза-Арык айылдары, Нарын облусу боюнча Комсомол, Дон-Алыш, Чолпон (I-этабы), Лахол, Эки-Нарын, Жер-Көчкү айылдары, Ысык-Көл облусунан Семеновка, Кожояр, Ысык-Көл айылдары жана Чүй облусу боюнча Асылбаш жана Кара-Сакал айылдары болуп эсептелет.
Ал эми, 2019-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен 500 млн сом акча каражаты каралууда. Бул акча каражатына республикабыздын 44 айылы таза суу менен камсыздалып, суу курулмалары эксплуатацияга берилет.
Мындан сырткары, таза суу секторунда 2016-жылы ведомстволук Стратегия кабыл алынгандан баштап, Бүткүл дүйнөлүк банкы, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Евробиримдиги, Европа инвестициялык банкы, Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык иштер боюнча Мамлекеттик катчылыгы (SECO) жана Азия өнүктүрүү банкы аркылуу инвестиция тартуу маселелери колго алынып, төмөнкүдөй тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.
Дүйнөлүк банкы 2017-жылы өзүнүн 71,2 млн АКШ долларына (4 млрд 948 млн сом) барабар портфели менен секторго кирип, ага өлкөбүздүн Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 115 айылдарын камтыган долбоор 2017 жылдан баштап, АРИС аркылуу ишке ашырылууда.
2018-жылдын эсебинен 18 айылдын, анын ичинен Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылын, Ноокат районунун Кыргыз-Ата подпроектисинде 4 айылды, Чүй облусунун Панфилов районундагы «Курама» подпроектисинде 3 айылды жана Чүй районундагы «Султан» подпроектисинде 9 айылды камтыган долбоордун курулуш-монтаждоо иштери аяктап бүттү. Ушул жылдын июль айында тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү аземи өткөрүлөт.
Пландаштырылган курулуш иштеринин экинчи этабы аркылуу 2019-жылдын ичинде Дүйнөлүк банкынын каржылоосу аркылуу 10 айылдын, анын ичинен Чүй облусунун Москва районундагы Төлөк, Жайыл районунун Алексеевка, Сокулук районундагы Күн-Туу өкмөтүнүн Күн-Туу, Шалта, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Маловодное, Алмалуу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районудагы Дархан, Ак-Суу районундагы Челпек, Бурма-Суу, Таш-Кыя айылдарында курулуш иштери аяктап, таза суу курулмалары ишке киргизилет.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ичке-Булун айылында, Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш, Корул, Чон-Алай районундагы Ачык-Суу айылдарынын таза суу курулмаларын куруу иштери боюнча тендердик процедуралары өткөрүлүп бүттү жана курулуш иштери 2019-жылдын август айында башталып, 2020-жылдын ичинде ишке киргизилет.
Ошондой эле, Дүйнөлүк банкынын колдоосу аркылуу Жалал-Абад облусунун Кербен жана Баткен облусунун Сүлүктү шаарларында жалпы суммасы 8,0 млн АКШ доллары (556,0 млн сом) көлөмүндөгү эки ири долбоорлордун ишке ашырылышы аяктап, 2019-жылдын 4-кварталында пайдаланууга берилет.
2018-жылдын башталышынан баштап, Ислам өнүктүрүү банкы менен өз ара кызматташуу жанданып, алардын 23,0 млн АКШ долларлык (1 млрд 598 млн сом) каржылоосу аркылуу Жалал-Абад облусунун 24 айылына 2019-2022-жылдардын аралыгында таза суу киргизилет. Азыркы учурда 22 айылдын долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып бүттү жана анын негизинде, 2019-жылдын экинчи жарымынан жана 2020-жылдын башталышынан баштап Токтогул районунун Кара-Тектир, Базар-Коргон районунун Кенеш айыл өкмөтүнө караштуу Аук, Шыдыр, 1-Май, Жаны-Конуш, Ала-Бука районундагы Ала-Бука, Достук, Сары-Талаа, Сапалак, Могол айыл өкмөтүнүн Чарбак, Кызыл-Суу жана Арстанбап айыл өкмөтүнүн Гүмкана айылдарында курулуш иштери башталат.
Ушул эле банктын каржылоосунун экинчи фазасы аркылуу Баткен жана Талас облустарынын 91 айылдарынын таза суу маселесин чечүүгө багытталган 20,0 млн АКШ долларына түзүлгөн кредиттик келишимдердин мамлекеттик ички процедуралары өткөрүлүп бүттү. Азыркы учурда даярдалган тиешелүү документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине келишимдерди ратификациялоого жөнөтүүнүн алдында турат.Түзүлгөн иш планга ылайык сметалык-долборлоо иш кагаздарын даярдоо процесси 2019-жылдын экинчи жарымынан башталат. Мындан тышкары, бул долбоорлорго кошумча Сауд өнүктүрүү фондунан 30,0 млн АКШ доллары каралууда жана азыркы учурда Кыргыз Республикасы менен аталган Фонддун ортосунда түзүлгөн Келишим мамлекеттик ички процедураларынан өтүп жатат. Жалпысынан Баткен жана Талас облустарынын айылдарынын таза суу маселесин чечүүгө Кыргыз Республикасынын долбоорго кошумча каржылоосун эсепке алганда (со-финансирование) 2019-2023-жылдардын аралыгында 60,0 млн АКШ доллары (4млрд 170 млн сом) жумшалат.
Мындан сырткары, 2012-жылдан берки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Азия өнүктүрүү банкы (мындан ары-АБР) мурунку убактылуу токтотулуп калган долбоорду жандандыруу максатында 32,9 млн АКШ долларын (2 млрд 286 млн сом) секторго бөлүп беришти. Каралган акча каражатына Нарын облусунун 42 айылын камтыган тизме түзүлүп, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү аркылуу приоритеттик негизде, эн көйгөйлүү деп табылган 31айылдын долбоорлору 2020-2023-жылдардын аралыгында ишке ашырылат.
Ошондой эле, бүгүнкү күнгө АБР аркылуу “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” ири долбоорунун Келишими боюнча даярдалган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен ратификация процессинен экинчи окуудан өтүп жатат. Долбоордо аталган эки шаар үчүн 41,82 млн АКШ доллары (2 млрд 906 млн сом) тартылды.
Ушул эле Банк аркылуу Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын ички кварталдык таза суу түтүктөрүн курууга, ушул шаардын Озгурдагы суу тазалоочу курулмасынын хлорлоо комплексин жакшыртууга, Ак-Буура дарыясынын “Дангы” кууш жеринен суу тазалоочу жайына чейинки водоводду курууга, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы көйгөйлүү болуп турган суу топтоочу курулманы ондоп-түзөөгө багытталган 6,7 млн АКШ долларын (465 млн 650 мин сом) бөлүп берүү маселеси чечилип жатат.
Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (мындан ары ЕБРР) менен тыгыз жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында республикабызда орун алган 31 шаардын ичинен 20 шаарында, 3 айыл өкмөтүнүн 8 айылында жана “Арстанбап” подпроектиси аркылуу ичүүчү суу курулмаларын куруу жана эски курулмаларды реабилитациядан өткөрүүгө, бүгүнкү күндөгү курска карата 199,22 млн евро (15,7 млрд сомдон) ашуун инвестиция тартылып ишке киргизилди жана киргизилүүнүн алдында турат.
Анын ичинде, Бишкек жана Ош шаарларына биринчи траншта тартылган акча каражаттарын өздөштүрүүнү аяктаганга чейин экинчи транштагы 27,59 млн евролук (2 млрд 177 млн сом) акча каражаттары тартылып берилип, долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Каракол шаары үчүн Кыргыз Республикасы менен ЕБРРдин ортосунда түзүлгөн 11,2 млн евролук (883 млн 680 мин сом), Жалал-Абад шаары үчүн II-фазадагы 9,1 млн евролук (718,0 млн сом) гранттык жана насыялык Келишимдерди ратификациялоо тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде кароодон өтүп жатат.
Ошондой эле, учурда Кызыл-Кыя, Чолпон-Ата, Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарларындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча консультанттар тандалып алынып, курулуш иштери башталуунун алдында турат.
Мындан тышкары, ЕБРР тарабынан каржылануучу 45,32 млн евролук (3 млрд 575 млн сом) “Кербен, Исфана, Ноокат шаарларын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоого» багытталган техникалык-экономикалык негиздемелери даярдалды жана азыркы учурда Кыргыз Республикасы менен ЕБРРдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн делегациянын курамын түзүү процедурасы аяктап калды жана сүйлөшүүлөр 2019-жылдын июль айынын үчүнчү декадасына белгиленүүдө.
Жалпысынан, “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Стратегиясына” ылайык ЕБРР аркылуу республикабыздын 24 шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу курулмалары 2019-2024-жылдардын аралыгында реабилитациядан өтөт жана жаны курулмалары курулат.
ЕБРР биринчи жолу пилоттук түрдө шаарлардан тышкары республикабыздын айылдарына инвестиция тартууну колго ала баштады. Анын негизинде, Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке, Куршаб жана Дөн-Булак айыл өкмөттөрүнүн 8 айылын камтыган 6,0 млн АКШ долларлуу (473,4 млн сом) долбоор боюнча Келишимдин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине ратификациялоого жөнөтүлдү. Мындан тышкары Базар-Коргон районундагы «Арстанбап» долбоорун камтыган 5,0 млн АКШ долларлуу (394,5 млн сом) акча каражатын түзгөн долбоорго сметалык-долборлоо иш кагаздары даярдалып бүттү, бул долбоор 2019-2022-жылдардын аралыгында ишке ашырылат.
Мындан тышкары, Токтогул, Кербен, Кара-Суу жана Ноокат шаарларында ишке ашырыла турган долбоорлорго, аларга жакын жайгашкан 27 айылдын таза суу курулмаларын куруу маселеси киргизилип, алар долбоорлор ишке ашыруу мезгилинде таза суу менен камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2018-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасына 100,0 млн АКШ доллары (6 млрд 950 млн сом) көлөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүү тууралу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Бул акча каражаты үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкекте өткөн ШКУнун отурумунда 2020-2022-жылдардын аралыгында бөлүнүп бериле турганы аныкталып, республикабыздын 80 айылдарынын тизмеси жана долбоорду ишке ашыруу концепциясы кытай тарапка сунушталды. Азыркы учурда жогоруда аталган акча каражатын тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги тарабынан тиешелүү иш аркеттер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күнү көпчүлүк айыл жеринде таза суу курулмаларын кармоо жана аларды эксплуатациялоо маселеси 2001-2003-жылдардын аралыгында түзүлгөн СООППВлар аркылуу ишке ашырылып келе жатат. 2019-жылдын 25-июнуна карата республикада бардыгы болуп 742 СООППВ орун алган, бирок алардын иштөө потенциалдарынын төмөндүгүнө байланыштуу 18 райондун борборунда муниципалитеттер аралык ишканалар түзүлдү. Азыркы учурда мурдагы жылдары курулуп, СООППВларга өткөрүлүп берилген таза суу курулмаларын кайрадан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими даярдалууда.
Таза суу секторунда Араб өлкөлөрүнүн Ас-Салам, Ас-Сафа, Катар, Хэльвитас, Ага-Хан жана Араб Эмиратынын кайрымдуулук жана гуманитардык Фонддору менен республикабыздын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү иш алып барууда. Бул Фонддорго, таза суу курулмаларын курууга аз көлөмдөгү акча каражатын талап кыла турган республикабыздын 60 тан ашкан калктуу конуштарынын тизмеси түзүлүп, өткөрүлүп берилди.
Маалымат катары. 2016-2018 жылдардын аралыгында облустардын, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана Эл-Аралык кайрымдуулук фонддору аркылуу республика боюнча 171 айылда 429 млн 900 мин сомго айылдардын таза суу курулмалары ондоп түзөөдөн өткөн. Булардын ичинен, Баткен облусу боюнча 39 айылда 52 млн 241 мин сомго, Жалал-Абад облусунда 37 айылда 122 млн сом 764 сомго, Талас облусунда 8 айылда 39 млн 940 мин сомго, Чүй облусунда 14 айылда 9 млн 932 мин сомго, Нарын облусунда 7 айылда 6 млн 826 мин сомго, Ысык-Көл облусунда19 айылында 85 млн 375 мин сомго жана Ош облусунда 47 айылда 112 млн 918 мин сомго ондоп түзөө иш аракеттери аткарылган.
Таза суу секторундагы курулуш иштерине жумшалуучу чыгымдарды азайтуу жана тартылып жаткан акча каражатын сарамжалдуу пайдалануу максатында калкынын саны 3000 ге чейинки кичи калктуу конуштарды тышкы суу менен жабдуу тутумдарын долборлоо жана куруу ченемдери тууралу СНиП иштелип чыгып, ишке киргизилди. Азыркы учурда, мурунку Советтер Союзунда колдонулуп келген эки “Саркынды суу. Тышкы тармактары жана курулмалары” 2.04.03-85 жана “Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактары жана курулмалары” 2.04.02-84 СНиПтери кайрадан иштелип чыгууда.
Тилекке каршы, таза суу секторунда жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге карабастан долбоолорду даярдоодо, аны ишке ашыруу маселеси көптөгөн кыйынчылыктар жана кемчиликтер менен коштолуп келүүдө.
2018-2019-жылдардын аралыгында Курулуш агенттигине караштуу Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин негизги өнөктөшү АРИСте болуп өткөн кадр маселесиндеги терс көрүнүштөр Дүйнөлүк банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланып жаткан долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөтүн 10 айдан 1 жылга чейинки убакытка кечиктирип койду.
Көпчүлүк мэриялар донорлор тараптан бөлүнгөн акча каражаттарын ар кандай шылтоолор менен жергиликтүү саясатка айландырышып, өз мөөнөтүндө өздөштүрүшпөй келишет. Буга мисал катары Чүй облусунун Кара-Балта жана Токмок шаарларын атаса болот, аталган шаарларда долбоорлордун ачылышы 2012-2015-жылдарга таандык болгондугуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин алар толук күчүнө кире элек.
Ошондой эле, ушул сыяктуу көрүнүштөр Жалал-Абад шаарында байкалат, шаардын өз алдынча башкаруу органдары мурунку созывдагы шаардык кенештин чечимин четке кагышып, донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражатын аларын же албасын билгизе алышпай, экинчи этаптагы инвестиция тартуу мөөнөтүн 8-9 айга создуктуруп коюшту.
Ал эми Өзгөн шаарына 2017-жылы тартылып берилген 11,0 млн евролук акча каражаты бүгүнкү күнгө чейин өздөштүрүлбөй келүүдө, себеби Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан саркынды сууларды тазалоочу курулма курула турган жер тилкесин трансформациядан өткөрүүгө чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлбөй келүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архиттектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентиги (мындан ары-Курулуш агенттиги) тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге карабастан таза сууга болгон тариф саясаты өз нугуна түшпөй келүүдө.
Мисал катары, шаардык жана айылдык жергиликтүү кенештери бул маселени “жергиликтүү маанидеги” саясатка айландырышып, таза сууну даярдоого, аны колдонуучуларга жеткирүүгө жана алган насыяны кайтарууга жумшала турган чыгымдарын жабууга багытталуучу тарифтин ставкасын жогорулатууга каршы турушуп, тарифтин денгээлин көтөрбөй келишүүдө. Бул багыт боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялары, шаардык мэриялары жана айыл өкмөттөрү тиешелүү иш аракеттерди калктуу конуштардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөй келишүүдө.
Мындан тышкары, ар кандай себепсиз негиздемелер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тариф маселесин ченемдик-укуктук талаасында кароого жана чечүүгө көнүл бурбай келүүдө. Бул орчундуу жана көйгөйлүү маселени чечүү максатында, 2018-2019-жылдардын аралыгында Курулуш агенттигинин демилгеси менен 6 жолу жогоруда аталган Агенттиктин, коомчулуктун, суу берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышкан жыйындар уюштурулду, бирок он жагына чечилген жыйынтык чыга элек.
Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармагы боюнча аткарылып жаткан иш-чаралардын 2019-жылдын 25-июнуна карата маалыматы
- Подробности
- Автор: tynyksyy
- Просмотров: 1264